Ошто ирригациялык системаларды модернизациялоо иштери башталат (фото)

Бүгүн, 10-майда Ош шаарында борбордук көчөлөрүнүн боюндагы ирригациялык түйүндөрдүн абалы боюнча жер-жерлерде текшерүү жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Капиталдык курулуш, архитектура башкармалыгынын жетекчилери, “Ош шаардык жолдору” ишканасынын, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилери менен биргеликте Курманжан Датка, Ленин, Мамыров, Г.Айтиев, Раззаков, Райымбеков көчөлөрүндөгү ирригациялык системалардын абалы менен таанышкан.

Анда нөшөрлөп жааган жамгыр маалында ирригациялык системалардын кубаттуулугу коюлган тапшырмаларды аткара албай жатканын, мындан улам айрым жерлерди реконструкциялоо жана алмаштыруу талап кылынары белгиленди.

"Бул боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Долбоордук-сметалык документтер түзүлгөндөн кийин шаардын көчөлөрүндөгү ирригациялык системаларды реконструкциялоо иштери башталат", - деп билдиришти Ош мэриясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан