“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу райондук соттон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Алексей Ширшовдун бөгөт чарасы кечээ, 10-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралган.
Соттун өкүмүнө ылайык, ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылган.
Ширшов коррупцияга шектелип 10-майда кармалган.