Нарында катуу шамалдан университеттин чатыры зыянга учурады

Нарын шаарында катуу шамалдын кесепетинен имараттын чатырлары зыянга учурады. Бул туурасында ӨКМдан маалымат таратышты.
Ага ылайык, 10-май күнү саат 19:22 чамасында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен шамал катталган. Анын кесепетинен Нарын мамлекеттик университетинин чатырын жана бир турак үйдүн чатырын, Ак-Коргон конушундагы турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен.
Ошондой эле С.Орозбак көчөсүндө 2 электр мамысы кулап, электр жарыгы өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМнын Нарын шаардык бөлүмүнөн 3 офицер жана №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 19 куткаруучу тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан