
Чаткалда сууга агып кеткен 18 жаштагы тургунду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта 9-май күнү Жаңы-Базар айылынын тургуну, 18 жаштагы Д. уулу Ө. аттуу жигит үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөнү жазылат.
10-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана 50 жергиликтүү тургун тартылган.