Бишкек шаарынын мэри президенттин убадасын аткарбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Эл өкүлү “Белес” ишканасы курап жаткан автобустарды Бишкек мэриясы сатып албай койгону тууралуу маселе көтөрдү.
“Урматтуу өкмөттүн жана президенттин өкүлү, мамлекет башчыбыз “Белес” автобусу чыкканда барып, өз оозу менен “10 автобус алабыз, анан көрөбүз серийный заказ беребиз” деген.
Президенттин сөзү шамалдын ышкырыгы эмес. Арадан убакыт өткөндө мэр “карап көрдүк, атаңа бар, энеңе бар албайбыз, дүйнөдө жакшы автобустар көп, булар кол менен топтойт экен” дейт. Анан эмне менен топтосун, мамлекет завод куруп бербесе же бир жабдык сатып бербесе. Алар күнү-түнү уктабай байкуштар чөнтөгүнөн акча чыгарды эле", - деди депутат.
Муну менен катар автобустарга деп бөлүнгөн каражаттарды жергиликтүү ишкерлерге берүү менен Кыргызстанда кармап калуу талабын буга чейин дагы айтканын эске салды.
"Насыя алып автобус сатып алабыз дегенде мен айттым эле акча башка жакка кетип калбасын, бул жакта автобус чыгат экен деп. Анда оозун толтуруп “ага башка бюджет бөлүнөт, андан автобус сатып алабыз” деди эле. Кыргызда сөзү өлгөнчө өзү өлсүн дейт, ал өзүнүн дагы, президенттин дагы сөзүн өлтүрүп жатат.
Президент бир өлкөгө барып келгенде “аларды көрүп суктандым, баары чыгат экен, бизде тиш чукугуч дагы чыкпайт экен” деген. Мамлекеттен жардам болбой, ишкерлерибиз өзү ушундай иштерди кылып жатса, келип алып бүткөн ишти сындаган көп болуп жатат. Мэр экөөбүзгө өлкөдөгү бардык устаны чогултуп берсе дагы жада калса араба да жасай албайбыз. Маселени көтөрөлү, “Белестин” өкүлүн, мэрди, президенттин өкүлүн чакыралы. Сатып алсын, мен талап кылам, президенттин сөзү эки болбосун”, - деди Кадырбеков.