Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман бөлүгү убактылуу жабылат

11-майдан 18-майга чейин Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү (191-195-чакырымы) унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-майдан 14-майга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайынан улам Арал-Казарман унаа жолунда сел жүрүшү жана таш түшүү коркунучу бар. Кырсыктардын алдын алуу үчүн аталган унаа жолу убактылуу жабылат.

Министрлик убактылуу жаралган кыйынчылыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан