Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
"Стипендияны уюштуруу таланттуу жаштарга Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда суроо-талапка ээ болгон билим берүү жана илим багыттары боюнча дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде алдыңкы билимдердин жеткиликтүү болушуна мүмкүндүк берүүчү механизм болот.
Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын белгилөө Кыргыз жарандарына QS World University Rankings, Times Higher Education эл аралык рейтинги боюнча жогорку окуу жайлардын алдыңкы 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет элдик университеттерде билим алууга мүмкүндүк берет.
Стипендиялар техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык даярдоо багыттары боюнча магистратура жана PhD докторантура программалары боюнча окутууга бөлүнүп берилет", - деп жазылат маалыматта.