Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын узун кезеги тууралуу маселе көтөрдү. Анда Казакстандын текшерүүсү орунсуз деген пикирин билдирди.
“Казакстан азыр ЕАЭБдин алкагында таптакыр текшербеш керек. Эмнеге текшерип башташты, кайсы премьер-министр экенин билбейм, бирок ошонун учурунда бул нерсе ЕАЭБдин алкагында каралбай турган, эки тараптуу маселе деп чыгарып койгон. ЕАЭБ тосконго болбойт деп чечим чыгарып берген. Эгерде ЕАЭБдин алкагында болгондо текшергенге укугу жок эле. Бирок ар кандай талаптарды коюп жатат”, - деди депутат.
Маматалиев бул Кытайдан келе турган жүк ташуучу агымды Казакстандын өзүнө тартып алуу аракети деп мүнөздөдү.
“Алардын саясаты башка, алар Кытайдан келген жүк ташуу агымы Казакстан аркылуу өтсүн деп жатат, алардын ниети ошондой. Анда бир кесиптешибиз айткандай, сууну бербегиле, жапкыла. Катуу айтып койдум, бирок айла жок”, - деди Маматалиев.