Жогорку Кеңеш: Депутаттарды кызматтык унаадан ажырата турган мыйзам долбоору колдоо таппады

Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-ноябрда депутаттарды кызматтык унаадан ажыратып, депутаттарды бирден гана жардамчы алууга милдеттендире турган мыйзам долбоору добушка коюлуп, колдоо таппай калды. Ага 59 депутат "каршы", 36 депутат "макул" деп добуш берди.  

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорун депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган эле. 27-ноябрдагы жыйында Текебаев депутаттардын чыгымын кыскартуу менен бюджеттен 133 миллион сом үнөмдөлө турганын айткан, бирок көпчүлүк депутаттар буга каршы чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан