Кечээ, 10-майда Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун инаугурация аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, инаугурация аземи Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын (парламентинин) алдындагы аянтта “Корея Республикасы кайрадан! Жарандардын жаңы өлкөсү!” урааны астында өттү.
Иш-чарага 41 миңге жакын адам катышкан, алардын ичинде Корея Республикасынын экс-президенттери Мун Чжэ Ин менен Пак Кын Хе, Кореядан жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор, Улуттук ассамблеянын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, түштүк кореялык ири компаниялардын жетекчилери, коомдук, саясий жана маданий ишмерлер, ошондой эле атайын чакыруу алган карапайым жарандар катышкан. Инаугурация аземинен кийин ардактуу коноктор жана дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн расмий кабыл алуу мааракеси уюштурулган.
Эскерте кетсек, кечээ, 10-майда Корея Республикасынын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун инаугурациясы өткөндүгү жазылган.