Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү Даниил Жаныбеков изделүүдө

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү 1995-жылы туулган Даниил Жаныбеков изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде 102 кызматына Горький жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине райондук ыкчам тергөө тобу барган учурда 1967-жылы туулган А.Н. аттуу аялдын жансыз денеси экени белгилүү болгон. Маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири 1968-жылы туулган П.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 22-апрелде Биринчи Май райондук соту экинчи шектүү 1995-жылы туулган Даниил Жаныбековго издөө жарыялаган.

Милиция кызматы жогорудагы жаранды көргөн, билгендер болсо 0 700 45 60 07, 0 703 93 20 92 же 102 номерине кабарлап коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан