Бразилияда дүйнөдөгү эң чоң папайя дарагы табылды. Бул тууралуу маалымат "Гиннесстин рекорддор китебинин" сайтына жарыяланганын жазышат чет элдик басылмалар.
Маалыматка ылайык, папайя дарагын Парана штатындагы Нова Аврорадагы фермерлер Тарсисио Фольц жана Гилберто Франц табышкан.
Алардын айтуусунда, бул дарактын өзгөчө бийик болуп турганы аларга кызык көрүнгөн. Дарактын бийиктиги 14 метр 55 сантиметрди түзгөн. Аны дрондун жардамында ченеп алышкан.
Фольц бул даракты байкап калганына абдан сыймыктанып жатканын жана алардын бул байкоолору Нова Аврораны бүткүл дүйнөгө таанытат деген ишеничте экендигин билдирген.
Папайя - даамы өрүктү элестеткен, пальма сыяктуу даракта өскөн экзотикалык жемиш. Көбүнчө Мексика жана Түштүк Америкада өсөт.