БУУ дүйнөдө абанын температурасы рекорддук деңгээлде жогорулашы мүмкүн экенин эскертти

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (WMO) эксперттери дүйнөдө климаттык таасирлер кооптуу боло турган чекке жакындап калганын эскертишти. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, келерки беш жылдын жок дегенде биринде глобалдык орточо жылдык температура 1,5 градуска жогору болушу мүмкүн жана бул убакыттын өтүшү менен өсөт.

Мындан тышкары эксперттер 2022-2026-жылдар аралыгында жок дегенде бир жаңы рекорддук ысык жыл катталаарына 93 пайыз ишенишет.

"1,5 градус жөнөкөй статистика эмес. Бул тескерисинче климаттын таасири адамдар жана бүткүл планета үчүн барган сайын кооптуу боло баштаган учурдун көрсөткүчү", - деген Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас.

Буга чейин БУУнун башчысы дүйнөдө климаттын жылышы апаат болорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан