Бишкек шаарында 2022-жылдын 16-майынан 16-июнуна чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Ысык сууну өчүрүү жыл сайын жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.