Бүгүн, 11-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 518 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 361 метр куб, агып чыгышы 369 метр кубду түзүүдө.
Былтыр ушул күнү суу сактагычта 9 миллиард 372 метр куб суу болгон.