Бүгүн, 11-майда селден улам Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сел калдыктарына толуп, жол эки тараптуу жабылды", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда жеринде министрликтин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.