Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу депутаттын билдирүүсүнө УКМК жооп берди

Кечээ, 11-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан кыргыз айылына коңшу өлкөнүн аскерлери келип зым тартып жатканын айткан.

Эл өкүлү Баткендин Кадамжай районундагы Маркас айыл өкмөтүнүн Арпа-Сай айылынын тургундары кайрылып, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери Кыргызстандын аймагына кирип арык казып, зым тартып жатканын кабарлашканын билдирген.

Бүгүн, 12-майда УКМК бул билдирүүгө жооп кайтарып, аталган тилкеде делимитация иштери аяктап, учурда ал жерде Өзбекстандын чек арачылары инженердик иштерди алып барып жатканын кабарлады.

“Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылы 5-сентябрдагы келишимине ылайык, Арпа-Сай айылынын Пылдырак аймагындагы тилке боюнча делимитация иштери аяктаган. Бул келишим 2017-жылы 28-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Учурда Өзбекстандын чек арачылары инженердик иштерди жүргүзүп жатышат”, - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Ошондой эле чек арадагы элге өзбек тарап инженердик иштерди жүргүзөрү тууралуу жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан