
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 4-6-7-чакырымдарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген.
Анын ичинен 4 турак үйдүн жер төлөсүн, 8 турак үйдүн короосун, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борбордун короолорун каптаган. Жеринде тазалоо иштери аткарылууда.