Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу, футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев "Барселона" клубунун жаштар курамасына расмий кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка таянсак, ал расмий түрдө жаштар командасынын курамында дүйнөгө белгилүү "F.C. BARCELONA" клубунда машыга баштады.
"Кыргызстандык жаш футболчу "Барселона" футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алгандыгы, ондогон жана жүздөгөн жаш спортчулар үчүн өз мекенинде жана анын чегинен тышкары спорттогу бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алат", - деп жазылат маалыматта.