Бишкек шаарындагы Медеров көчөсү унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы тарабынан маалым болду.
Андагы маалыматка ылайык, 11-майдан 23-майга чейин Медеров көчөсү Элебаев көчөсүнүн чыгыш тарабына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабык болот.
Мында «АзияСтройКомплекс» подряддык уюму "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын долбоорунун негизинде жылуулук тармагын тартуу иштерин жүргүзөт.
Мэрия шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчун кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну өтүнөт.