Бишкекте Кытай жаранын тоноого айыпталып 4 адам кармалды. Алардын бири кыз

Бишкекте Кытай жаранын тоноп кетишти. Шектүү катары 4 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында Ф.Ю. аттуу Кытай жаранын 10-майда саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар бычак менен коркутуп, тоноп кетишкен. Каракчылар 35 миң сом жана миң юань алып кетишкен.

Милиция издөө иштеринин алкагында, шектүү катары 2003-жылы туулган У.У., 2004-жылы туулган К.А., 2002-жылы туулган К.А. жана 2002-жылы туулган М.А. аттуу адамдарды кармаган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан