Жаз-жай мезгилинде күндүн ультрасыя нурларынын таасиринен улам организмден меланин пигментинин бөлүнүп чыгышы активдешет. Мындан улам дененин ачык жерлерине сепкил, тактар пайда болот. Терини коргоо үчүн күндөн коргоочу бет майларды колдонуу керек. Бирок баары эле күндөн коргоочу бет майды колдоно бербейт же терисине туура келбегенин тандап алышы мүмкүн. Мындан улам биз адиске күндөн коргоочу бет майды туура тандоо жана колдонуу боюнча суроо салдык.
Бул суроолорго врач-дерматокосметолог Динара Касымалиева жооп берет.
1. Күндөн коргоочу бет май тандоодо эмнелерге көңүл буруш керек?
- Күндөн коргоочу SPF (Sun Protection Factor) бет майды тандоодо биринчи кезекте анын жарактуулук мөөнөтүнө жана курамына көңүл буруу керек. Экинчиден бет майдын жыты кычкыл болбошу керек, эгер жыты кычкыл болсо, демек анын сапатынын начар экендигинен кабар берет.
Курамында териге кам көрүүчү ингредиенттер бар бет майлар баалуу болуп эсептелет. Ультрасыя нурларынын ашыкча таасиринен улам тери алсыз болуп, эрте картая баштайт. Ошон үчүн сапаттуу SPF бет майлардын курамында териге кам көрүүчү компоненттер болот. Алар өзүнүн күндөн сактоосун жакшыртат жана дерманын активдүү реабилитациясына жана калыбына келтирилишине салым кошот. Ошондой эле косметологго кайрылып, териге туура келген SPF бет майды тандап алса болот.
2. Күндөн коргоочу бет майлардын даражалары жана аларды тандоо тууралуу айтып берсеңиз?
- Зыяндуу күн нурларынан сактоо күчүнө жараша күндөн коргоочу бет майлар төмөнкүдөй коргоо даражаларына бөлүнөт:
Төмөн: SPF 2-5 (UVB нурларынын 65% бөгөттөйт);
Орточо: SPF 6-11 (нурлардан 85% сактайт);
Жогорку: SPF 12-19 (нурлардан 95% сактайт);
Абдан жогору: SPF 20-30+ (нурлардан 97-99% сактайт).
SPF'ти теринин өңүнө жараша тандаш керек. Ак жумал адамдар сөзсүз SPF 30+ колдонуусу керек. Ал эми кара тору адамдарга SPF 15тен төмөн эмес бет май туура келет. Балдар үчүн ар дайым балдар сериясын колдонуу зарыл.
Андан тышкары адамдын жашын, жашоо образын, аймактагы аба ырайын эске алабыз. Жаш куракта (30-35 жашка чейин) адам күн нурунда көпкө жүрө алат, анткени эпидермис ультра кызгылт-көк нурлардын таасирине туруштук бере алат. Ал эми орто жаштан баштап тери аярлуу болгондуктан, жаш өткөн сайын күндөн коргоону күчөтүү керек. Абада сейрек болуу, кеңседе же үйдө узак убакыт болуу, кыймылсыз жашоо образы адамдын терисине терс таасирин тийгизип, күнгө туруксуз болуп калат.
4. Кайсы учурда кандай даражадагы бет майды колдонуу керек?
- Жаз-жай мезгилинде терисинде олуттуу көйгөйү жок офис кызматкерлери иш күндөрү spf 4-15ке чейинки бет майды колдонсо жетиштүү болот. Эгерде пикникке, пляжга эс алууга чыкса же шаардын айланасына чыгууну пландаса, анда SPF 25-30 коргоо деңгээли бар каражаттарды колдонуу сунушталат.
Эске ала турган жагдай: Кандайдыр бир себептерден улам күндүн нурлары таптакыр жакпаган адамдарга жай мезгилинде терисин ар дайым интенсивдүү коргоо талап кылынат. Алар SPF 30-50 жана 50+ бет майын колдонушу керек. Бул категорияга дагы кызыл чачтуу, ак жумал адамдар, альбиностор, табигый "блондинкалар", ошондой эле ден соолугунда көйгөйлөрү бар, ар дайым дары-дармектерди колдонгондор, курактык тактар пайда боло баштаган адамдар кирет.
5. Күндөн коргоочу бет майды туура колдонуунун эрежелери барбы?
- SPF бет майды туура колдонуу абдан маанилүү. Сыртка чыгуудан 15-30 мүнөт мурун териге күндөн коргоочу бет майды сүйкөө керек. Кийингенге чейин анын сиңип калганын текшерүү зарыл. Эгерде ал сиңе электе кийинип баштаса, анда анын көбү кийимде калып, тери керектүү коргоону албай калат. Күндөн коргоочу бет майды мисалы, пляжга келгенден кийин эмес, сыртка чыгаарга 15-20 мүнөт калганда сүйкөө керек. Сууга түшкөнү бара жатканда да ультрасыя нурлары териге таасир берүүгө үлгүрөт жана ага катуу зыян келтириши мүмкүн. Сууга кирип чыккандан кийин кайрадан бет майды жаңылап туруу керек.
6. Spf бет майды көбүнчө жайдын аптаптуу күндөрү гана колдонушат, негизи жылдын бардык мезгилинде колдонуу керекпи?
- Бардык жыл мезгилинде жана үйдө да күндөн коргоочу бет май керек. Күндүзгү ультрасыя нурлар терезеден да өтөт. Унаада баратканда, жумушка же бир канча мүнөткө дүкөнгө чыгып келгенде да күндүн нурлары териге тийгенге үлгүрөт. Ал эми бир нече жылдан кийин бул мүнөттөр саатка айланып, теринин эрте картаюусуна алып келет.