Көрүүчүлөр ордунан туруп кол чаап... Бишкекте "Саманчынын жолу" спектакли коюлду (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Саманчынын жолу" спектакли коюлду.

Чыгарманын негизинде кайрадан жаңыланып даярдалган спектакль бир жарым саатка созулду. Анда алгач көрүүчүлөрдү согуш маалын чагылдыра жасалгаланган сахна тосуп алып, андан ары каармандарды ийинине жеткире ойногон актёрлордун оюну менен уланды.

Күйөрмандардын суранычы менен кайрадан коюлган спектакль көрүүчүлөрдүн ордунан туруп кол чаап, актёрлорго ыраазычылык билдирүүлөрү менен аяктады.

"Саманчынын жолу" спектаклинде Улуу Ата Мекендик согуш учуру, элдин башына түшкөн кыйын күн, оор сыноолор баяндалат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан