Бишкектеги Чоң-Арык айыл аймагынын Береговая көчөсүнө сквер курулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, Чоң-Арык айылынын тургундары Береговая көчөсүн бойлой сквер уюштуруу өтүнүчү менен Ленин районунун акимине кайрылышкан.
Тургундардын айтымында, аталган аймакта сейилдөөчү жана эс алуучу жайлар жок.
"Бүгүн район башчысы Русланбек Тагаев сквер курула турган жерди көрүп, эл менен жолугуп, аймакты көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Жыйынтыгында, район башчысы тийиштүү мекемелерге сквердин долбоорун иштеп чыгып, аянттын сметасын эсептеп, борбор калаанын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2023-жылга болгон өндүрүштүк иштеринин титулуна киргизүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.