Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүү үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 12-майда министрлик тарабынан "Мой План" мобилдик тиркемеси сунушталды. Үй-бүлөлүк зомбулукту жеңүүнүн максаты калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
"Өткөн жылдан бери биздин өлкөдө жакырчылыкты жоюу боюнча болуп көрбөгөндөй чаралар көрүлүп жатат. Жарандардын ар кандай категориялары үчүн жөлөк пулдар 150-200 пайызга жогорулатылды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөтүлдү, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият чөйрөсүндө негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн кызматчылардын эмгек акысы эки эсеге көбөйдү.
Бүгүнкү күндө санариптештирүү үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун негизги механизмдеринин бири болуп калды. Жана иштелип чыккан мобилдик тиркеме аялдар үчүн өз коопсуздугун пландаштыруу куралдарына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан эркин коомду түзүү жолундагы дагы бир маанилүү чара болуп саналат", - деди ал.
Долбоордун автору Аризона мамлекеттик университетинин профессору Джил Тереза Мессинг белгилегендей, колдонмонун үстүнөн иштөө бир жыл бою жүрдү.
"Биз кризистик борбордогу аялдар менен иштештик жана колдонмону Кыргызстанга ылайыкташтыра алдык. Ал кыргыз жана орус тилдеринде акысыз жеткиликтүү. Тиркеме план-карта болуп саналат, анда негизги ченемдик укуктук актылар, байланыштар, документтерди алуу жол-жоболору, жөлөк пулдар, алимент, коргоо ордери камтылган. Башкача айтканда, зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам берүүчү шаймандардын бардыгы.
Бул учурда колдонмо зордук-зомбулукка кабылган ар бир адам үчүн ар кандай жаш үй-бүлө, айрыкча айылдык үй-бүлө үчүн пайдалуу болот. Анда жергиликтүү бийлик органдарынын, милициянын, МККнын функциялары топтолгон.
Биз түшүнүшүбүз керек, зордук-зомбулукка каршы туруунун универсалдуу жолу жок, бирок биз адамдарга анын алдын алууга мүмкүнчүлүк берген курал бере алабыз", - деди ал.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, Башкы прокуратуранын, аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.