Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бутунан жаракат алды. Бул тууралуу министр "Алтын-Балалыкта" журналист Лейла Саралаевага берген маегинде айтты.
Министрдин айтымында, ал "Алтын-Балалыкта" жүрүп жаткан курулуш иштерине катышып жатып, бутунан жаракат алган. Учурда министр аксап басып жүрөт.
"Мен өзүм курулуш иштерине катышып, чатырга чыккам. Ал жактан жыгылып жаракат алдым. Мага дарыгер эки ай жат деген. Бирок мен 2 эле саат жаттым. 2 ай эмнеге жатмак элем?", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Ошондой эле министр шымын чечип, алган жаракатын көрсөткөн.