"Орусиянын Федералдык миграция кызматынын КРдагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө" макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 27-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев "Орусиянын Федералдык миграция кызматынын КРдагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 24-октябрында кабыл алган болчу.

Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө орусиялык тарапка кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан