Жаңы бийликтин ак иштегинен Кыргызстандын жакыр эмес гүлдөгөн өлкө экени белгилүү болду. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов TV1KG каналында курган маегинде айткан.
“Көптөр акча кайдан деп таң калышууда. Ошол эле маяналардын буга чейин болуп көрбөгөндөй көбөйүүсүнө, тигиге-буга дешип жатат, карасаң ошол эле өлкө. Мунун сыры бирөө эле бул жаңы бийликтин чынчылдыкты, салык, бажы төлөмдөрүн чогултуу жана жалпы эле мамлекеттик башкарууну ак жүргүзүүнү көздөгөнүндө. Мындан улам биздин сонун эли бар, калкы жаш, суу, тоо, табиятка сонун мүмкүнчүлүгү бар, жакыр эмес жакшы эле гүлдөгөн өлкө экенибиз белгилүү болду”, - деген Байсалов.