Талант Мамытов расмий сапар менен Ашхабад шаарына барды (фото)

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, делегация Борбор Азия мамлекеттери менен Орусиянын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышуу үчүн барышкан. Мамытов Орусия жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен бирге Ашхабад шаарындагы Конституция монументине гүлчамбар койду.

Иш сапардын алкагында бир катар сүйлөшүүлөр: Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Межлис төрайымы Гүлшат Маммедова менен жолугушуу болору мерчемделүүдө.

Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан