Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация Азербайжанга учуп кетти. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Бакуда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 8-жыйыны өтөт. Жыйында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан каттатуу маселеси да каралат.
“Манас” эпосу боюнча тапшырылган документтердин баары анализденип, талданып чыккандан кийин 24 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин кароосуна киргизилип, добуш берүүгө коюлууда. Ал эми “Манас” үчилтигин Кыргызстандын атынан каттатуу жагы добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болот.