Арзыбек Кожошев Казакстан менен чектеш өткөрмө бекеттерде текшерүү жүргүздү (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев "Чалдовар" жана "Чоң Капка" өткөрүү пункттарында товарларды алып чыгууда электрондук эсеп-фактуралардын болушуна мониторинг жүргүзүү механизминин аткарылышын текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Арзыбек Кожошев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кол коюлган протоколдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан милдеттер коюлганын баса белгилеген.

"Биздин жүк ташуучулар Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө товарларды экспорттоодо, эгерде аларда ташылган товарларга QR коду менен басылган электрондук эсеп-фактурасы болсо, Казакстандын мамлекеттик чек арасынан көзөмөл жана текшерүү чараларысыз өтө алышат. Салык кызматынын кызматкерлери ведомстволор аралык мобилдүү топтор менен бирдикте өткөрүү пунктунан өткөн унааларда анын бар-жогун текшериши керек”, - деген Кожошев.

Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Арзыбек Кожошев "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Ички иштер министрлиги, мобилдик топтор менен биргеликте өткөрүү пункттары аркылуу өткөн жүк ташуучу унааларда экспорттолуучу товарларга электрондук эсеп-фактуралардын болушуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Салык кызматына жүк ташуучулар арасында электрондук эсеп-фактураларды алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Транспорт министрлигине “Чалдовар” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жердеги жолго 50 метр бөлүүчү тилке орнотуу, ошондой эле бир жуманын ичинде кошумча тилкелерди куруу аркылуу жолду кеңейтүү боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Жергиликтүү бийлик органдарына Транспорт министрлиги менен биргеликте “Чоң-Капка” постунун жанындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди баштоо, ошондой эле кошумча автожол тилкелерин куруу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырылды. Арзыбек Кожошев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында учурда иштебей турган «Кичи Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна да барды.

Тиешелүү мамлекеттик органдар “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктундагы жарандарды жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү ишин жандандыруу маселесин иштеп чыгышы керек.

Ошондой эле, Арзыбек Кожошев "Маймак" станциясынын абалынан да кабар алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан