Чүйдө көпчүлүк жол кырсыгы Бишкек-Кара-Балта жолунда катталууда. ИИМ кайрылуу жасады

Чүй обулусунда болуп жаткан көпчүлүк жол кырсыктары Кара-Балта жолунда катталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"2019-жылы Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери башталып, ага байланыштуу жарыктандыруулар алынып салынган. Реконструкциялоо мезгилинде жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө байланыштуу көчөлөрдү жарыктандыруучу мамылар алып салынган, бирок жолдун бул бөлүгүндө бүгүнкү күнгө чейин жарыктандыруу иштебейт.

Ошол эле учурда түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү түрүндөгү жол кырсыктарынын негизги себепкери болуп көчөлөрдү жасалма жарыктандыруунун жоктугу саналат", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2019-2021-жылдары бул реабилитациялык участокто түнкүсүн 163 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам каза болуп, 105 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Алсак, 2022-жылдын 4 айында аталган унаа жол тилкесинде 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 22 факты катталып, 9 адам каза болуп, 15 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 16-чакырымынан 60-чакырымына чейин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабына жалпысынан 2160 даана темир-бетон мамылар жана чырактар орнотулуп, алар белгисиз себептерден улам тармакка кошулбай, ишке киргизилбей турат.

"Жол кыймылынын коопсуздугу жалпысынан коомдук коопсуздуктун негизги компоненттеринин бири экендигин жана ар тараптан жол кырсыктарынын санын, алардан алынган жаракаттарды жана адамдардын өлүмү фактыларын азайтуу маселелерин чечүү үчүн багытталгандыгын эске алуу менен, аталган жол тилкесинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кайгуул кызматкерлери тарабынан президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, Чуй облусунун прокуратурасына, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол тармагын тейлөөдө жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү жөнүндө бир нече жолу кат жөнөткөн.

Бирок учурда бул маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги чараларды көрбөй жатат", - деп кошумчалашты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан