Түндүк Кореяда коронавирус илдети тездик менен жайылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.
Маалыматка ылайык, апрель айынын аягынан бери 350 миң адамга илдет жуккан. Алардын 162 миңи дарылануудан өтсө, 6 адам каза болгон.
"Кечээ, 12-майда өлкө боюнча 18 миң адамдан илдет аныкталган, ошол эле учурда 187 миң адам карантинге алынып, дарылануудан өтүүдө", - деп билдиришкен Түндүк Кореянын борбордук телеграфтык агенттигинен.
Эске салсак, кечээ, 12-майда Эмгек партиясынын кезексиз отуруму өтүп, ага өлкө лидери Ким Чен Ын катышканы жана өлкөдө 2 жылдан бери алгачкы жолу илдет аныкталганы жазылган.