Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Душанбе шаарына келди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумдун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдерди кароо пландалууда.
Мындан тышкары министрдин иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.