“Тез жардам” унааларын сатып алууга 169 миллион сом бөлүндү

“Тез жардам” унааларын сатып алууга 169,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Тез жардам” унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине “Тез жардам” унааларын сатып алууга 169 миллион 347 миң беш жүз сом акча каражатын бөлүп берет.

Бул бюджеттик каражаттар өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы №56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан