"Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иштер болгон. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир-бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.
Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, "Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалып, үй камагына чыгарылган. Андан соң президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча билдирүү жасаган.