Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайы маал-маалы менен жабылат

Боом капчыгайында 16-майдан 20-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Ал эми 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан