Ири суммадагы алдамчылыкка айыпталган БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду сот актады

Сот ири суммадагы алдамчылыкка айыпталган БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду актады. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот аталган ишти карап, курамында кылмыш жок деп таап, Акылбек Эшимовду актаган.

Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Былтыр, 30-декабрда Эшимов үй камагына чыккан. Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына кызматтан кетүү арызы менен кайрылган. Бул маселени парламенттин 6-чакырылышынын тийиштүү комитети караган. Бирок ал кийин кайра арызын чакыртып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан