Бишкекте электр энергиясына карызы бар тургундардын жарыгы өчүрүлөт

"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 8 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карызы бар абоненттердин жарыгы 16-майдан баштап аралыктан өчүрүлө баштайт.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКсынын расмий сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан