"Бир нерсе менен карматып, отургузган жатышат окшойт". Президентке кайрылган жаран куугунтукка кабылганын айтып чыкты

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолуккан. Анда президент мыйзамсыз басып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырып, тез арада конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү тапшырмасын берген. Бирок Ак-Ордо-3 конушунун Зайнидин-Ата көчөсүнүн айрым тургундары 520-контурдун квартал башчысы Алмагүл Сейитбекова жер тилкелерин каттоодо мыйзамсыз документтерди сурап, анын үстүнөн акча жасап жатканын айтып чыгышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталы иликтөө материал чыгаргандан кийин аталган контурдун жашоочусу Мирлан Койчубаев контур башчы тараптан кысым болуп жатканын айтып чыкты.

"SUPER.KG порталы мыйзамсыз иштер тууралуу материал тартып кеткенден кийин 520-контурдун башчысы Алмагүл Сейитбекова тарабынан кысым башталды. Негизи 5 үй-бүлө бул чындык тууралуу айтып чыккан элек. Баарыбызга эле кысым көрсөтүп жатат деп айтсам болот. Иликтөө материал чыккандан кийин контурдун тургундарынын баары WhatsApp мессенжери аркылуу сүйлөшүшүп, бир пикирге келишкен. Менде "жогорку айыптоолорду, акча чогултууларды четке кагабыз" деп сүйлөшкөн аудиолору бар. Анан өздөрү айыл өкмөтүнөн өкүлдөрдү чакырышып, бир пикирге келишкен сөздөрүн айтышып, кыскасы, бизди жеңип кетишти. Айыл өкмөт башчысы алардын сөзүн сүйлөдү. Булар баары биригип бир мафия экен. Чогуу иш алып барышары белгилүү болду. Андан кийин дагы бир ызы-чуу болду. Ошондо айылдык кеңештин депутаты Сыргак Майрамбек уулуна "эмнеге мындай кылып жатасыңар?" десем. Ал кылган иштерин моюнга алып "байке, ызы-чуунун кереги жок" деген. Бирок Алмагүл Сейитбекова Сокулук РИИБине арыз жазган экен. Арызда мен Алмагүл Сейитбекованы сөккөн экенмин. Андан сырткары мыйзамсыз басып алынган жерлерди каттоодо мени өз ордума каттабай, такыр башка участокко каттаптыр. Ал участоктун ээси Алмагүл айымга каршы чыккандардын бири, экөөбүздү бир участокту талашып жаткыла деген окшойт. Мен айыл өкмөткө барып тактасам, менин ордумда башка адамдын ысымы турат. Эми ошол жерди басып алдың деп РИИБге чакырышууда. Кошуналарым канторго маалымкат алуу үчүн барышса "мени көчүртүп жиберем" деп айткан экен. Кыскасы, мени бир нерсе менен карматып, отургузуп койчудай эле болуп жатышат окшойт. Анткени бул адамдардан баарын күтсө болот экен", - деди Мирлан Койчубаев.

Биз экинчи тараптын оюн угуу үчүн Алмагүл Сейитбекова менен байланыштык. Бирок ал эмоцияга алдырып, толук маалымат берген жок.

"Ооба, арыз жазганым чын. Элдин көзүнчө мени өлтүрөм деп коркутту. Менде муну далилдей турган видео да бар", - деди ал.

Арыз жазылганын Сокулук РИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

"28-мартта Сокулук РИИБине 1963-жылы туулган С.А. аттуу жаран кошунасы К.М. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызда 26-мартта саат болжол менен 20:30 чамасында Ак-Ордо-3 конушунун 520-контурунан жабырлануучуга кошунасы жаман сөздөрдү айтканы маалымдалган.

Бул факты Сокулук РИИБинин маалыматтык каттоо журналына катталган. Иштин бардык жагдайларын тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Андан соң чогултулган материалдардын негизинде тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарган" - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан