Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга:
- 3 жашка чейинки ар бир балага күнүнө 100 сом (мурун 58 сом болчу);
- 3 жаштан 7 жашка чейинки ар бир балага күнүнө 120 сом (мурун 60 сом болчу);
- кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчадагы ар бир балага 150 сом (мурун 95 сом болчу);
- психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчилдиктери бар балдар үчүн тамактануунун нормасы 120 сом.
Белгилей кетчү жагдай, президенттин 1993-жылдагы "Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды багуу жөнүндө" жарлыгына ылайык, кошумча төлөө принциби, 50 пайызын муниципалитет, калганын ата-энелер төлөйт.
Жалпы билим берүү жайларында окуган окуучулар үчүн:
-
жалпы билим берүү уюмдарында ата-энеси жок балдар жана 5-7-класстардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 22 сом (мурун 14 сом болчу);
- жалпы билим берүүчү мектептерде окуган 1-4-класска чейинки окуучулардын тамактануусу 22 сомго чейин (мурун 14 сом болчу);
- мектептерде окуган психикалык жана физикалык өнүгүүсүндөгү кемчилдиктери бар балдар үчүн 36 сом (мурун 28 сом болчу);
- Октябрь районундагы №71 мектеп-интернатында жана Биринчи Май районундагы №1 БГИ атындагы мектеп-интернатында окуган ар бир балага күнүнө 200 сом (мурункусу 110 сом болчу);
- мектеп лагерлериндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдардын тамак-ашына 44 сом.