Кыргыз-казак эл өкүлдөрү Кордайда көчмө жыйын өткөрүүдө

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети казакстандык кесиптештери менен көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик делегациялары "Ак-жол" (Кордай), "Карасу" (Актилек) өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Андан соң өткөрмө жайларынын жетекчилери отчёт беришти.

"Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Айрыкча ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Кыргыз өлкөсүнөн келген жүктөргө карата Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан контролдук-инспекциялык иш-чаралардын тартибин жөнгө салуу боюнча сөз болот", - деп жазылат маалыматта.

Биргелешкен көчмө жыйынга депутат Чыңгыз Айдарбеков баштаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Адахан Мадумаров, Айбек Осмонов, Жылдыз Таалайбек кызы, Улан Бакасов, Нурланбек Азыгалиев, Нилуфар Алимжанова, Ырысбек Атажанов , Шайлообек Атазов жана Нуржигит Кадырбеков катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан