14-майда Чолпон-Ата - Корумду жолу эл аралык Run the Silk Road марафонуна байланыштуу унаа кыймылы үчүн чектелет. Бул тууралуу марафондун уюштуруучулары Инстаграм баракчасы аркылуу маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Run the Silk Road эл аралык марафону 14-май күнү Ысык-Көлдө өтөт. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн 3 миңге жакын адам, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы жана чуркоону жактырган бардык каалоочулар катышары күтүлүүдө.
Марофондун байге фонду 1 миллион сомду түзөт.