Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Москвага барат

Президент Садыр Жапаров 16-майда Москва шаарында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгында, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.

ЖККУ - Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму. КМШнын аймагында ОДКБ (Организация договора о коллективной безопасности) деп орусча аталышы менен таанымал. Тынчтыкты, эл аралык жана аймактар аралык коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоону, мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, улуттук баалуулуктарын жамааттык түрдө коргоону максат кылган аскердик уюм.

Азыркы тапта ЖККУнун курамында 6 мамлекет бар. Алар Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан