Сокулукта аёосуз сабалган 2 жашар баланын чоң энеси тергөө иштерине нааразычылыгын билдирди

Сокулукта сабалган 2 жашар баланын иши акыйкатсыз териштирилүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына баланын чоң энеси Наталья Ядгарова билдирди.

"Экспертиза баланын бардык жаракаттарын жеңил деп тыянак чыгарды. Болгону баш сөөктүн жаракатын гана ишке кошушкан. Болбосо неберемдин соо жери жок болчу. Кыскасы, башка жаракаттарына көз жумуп, иштен алып салышты. Бардык медициналык экспертизалар окуя болгондон кийин алынган. Бирок жыйынтыгы күлкүнү келтирет. Бир айдан бери тергөөчү менен байланыша албай жатам. Тактап айтканда, жооп бербей жатат. Иш алгач Сокулук РИИБинде козголуп, кийин Чүй ОИИББине өткөн. Азыр ишти Сокулук райондук сот карап жатат. Андан сырткары бөлөк кылмыш ишин Чүй ОИИББинин тергөөчүсү козгоп жатат. Бирок ал ишти кайра Сокулук РИИБине өткөрүп берди. Мен Сокулук РИИБине ишеним көрсөтпөйм. Анткени башында шектүүнү миң доллар үчүн бошотуп жиберишкен. Качан окуя резонанс жаратканда кайра камоого аргасыз болушкан. Баш коргоо чарасында аны үй камагына чыгарууга аракет кылышканда каршы болгонбуз. Эми баланы жеңил жаракат алган деп кайра үй камагына чыгарып жибереби деп коркуп жатабыз. Жоопкерчиликти неберемди сабаган адамга эмес, уул-келиниме артып жатышат. Мен уул-келинимди актабайм, бирок кенедей баланы аёосуз сабаган жаран белгилүү бирөө менен калкаланып жатат", - деди баланын чоң энеси.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын апасы күйөөсүнүн иш берүүчүсү менен жашап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан