ТИМ Новосибирскте 7 миллион рубль уурдоого шектелген Кыргыз жараны жөнүндө маалымат берди

Порталыбызга Орусиянын Новосибирск шаарында ири суммадагы акча каражатын уурдоого шектелген 44 жаштагы кыргызстандык А.Б. аттуу аялдын үстүнөн сот иши жүрүп жатканы жазылган. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат беришти.

Анда жазылгандай, Новосибирск шаарындагы Башкы консулдук өз компетенциясынын чегинде Кыргыз жараны кармалган күндөн тартып зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

"2021-жылдын 4-ноябрында А.Б. кармалган күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери кармоонун себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө барышкан. 28-декабрда жана ушул жылдын 2-февралында Башкы консулдуктун атынан кылмыш ишин карап жаткан Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна жаран А.Б.га карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу менен байланышпаган чечим чыгаруу өтүнүчтөрү жиберилген.

Ошондой эле Кыргыз жаранынын жакындары жана жактоочулары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга катышып, ага карата мүнөздөмө материалдарын чогултууга зарыл жардам көрсөтүүдө", - деп билдиришет ТИМден.

Бул маселе ТИМдин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан