Акылбек Жапаров Караколдогу талкуу жараткан мал базардын шарты менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында, буга чейин эл ылай кечип жүргөн видеосу менен интернетте талкуу жараткан Каракол шаарында жайгашкан мал базардан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактагы ири базардын шарты жакшырып, бирок оңдоо иштери толук соңуна чыга электиги белгиленди. Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликке жеке ишкерлер менен биргеликте жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында оңдоо иштерине көмөк берүү керектигин айтып, мал базардын айланасын көздөн кечирип чыкты.

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга март айынын соңунда өлкөдөгү мал базарлардын абалын жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берген. Акылбек Жапаров өз кезегинде жумуштарды аткарууга бир ай убакыт берип, жеринде өзү барып күтүүсүз текшерүүгө алаарын табыштаган.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Каракол шаарында курулушу жүрүп жаткан башка жаңы ири мал базардагы жумуштар менен да таанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан