Ысык-Көлдө өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду

Ысык-Көлдө өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрүнөн кийин мектеп окуу жайларында окуу күндөрүнүн башталышы менен облустук ЖКККнын кызматкерлери окуучулардын коопсуздугу үчүн күнүгө эртең менен балдар сабакка келген учурларда, жол жээктерге жана шаар райондордун борбордук чоң көчөлөргө жакын жайгашкан мектеп окуу жайларынын айланасында, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызмат өтөшүүдө.
Ошондой эле ЖКККнын кызматкерлери тарабынан, мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү боюнча сабактарды өтүшүп, көчө-жолдордон өтүү тартиптери боюнча кеңири түшүнүктөр берилүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан