2010-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулу 2 эсеге жогорулаган

2010-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулу 2 эсеге жогорулаган. Бул туурасында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2010-жылдын 1-январына чейин майыптык категориясына жараша айына 316 сомдон 1164 сомго чейин жөлөк пул алышса, 2010-жылдын 1-январынан кийин төлөм 1000 сомдон 2000 сомго чейин жогорулаган. Учурда жөлөк пулдун өлчөмү 1000 сомдон 3000 сомго чейин.

Ошондой эле жергиликтүү башкармалыктар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар кандай материалдык жардамдарды көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан