Бүгүн, 13-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү ички иштер органдарын бир катар түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу экскурциясы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Делегация милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Бишкек шаарынын ИИББнын ишмердүүлүгү менен таанышышкан
ИИМдин Республикалык окуу борборунда конокторго спорт комплекси, ок атуу үчүн тир, кыска мөөнөттүү баштапкы даярдоо курстарынын угуучулары үчүн спорттук аянтча жана окуу аудиториясы көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин РОБдун начальниги Кылыч Кадыркулов ИИОго кызматка орношуп жаткан талапкерлерди даярдоодо окуу процессинин негизги багыттары, болочок милиционерлерди даярдоону өркүндөтүүнүн мерчемделген долбоорлору жөнүндө айтып берген.
Андан соң делегация Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен таанышып, ал мыйзамда берилген баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, иликтөө жана ачуу боюнча ишин жүргүзө тургандыгы тууралуу айтып берген.
Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов ЕККУ менен эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Андан соң коноктор Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына барып, делегацияларга жаңыланган пресс-борбору көрсөтүлгөн, андан тышкары материалдык-техникалык жабдуулар менен таанышышкан.
"Жолугушуунун аягында ЕККУнун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү укук коргоо ишмердигинде ар тараптуу кызматташууга, ошондой эле ИИОну реформалоодо жардамды кеңейтүү маселелерин кароого даяр экендиктерин билдиришти", - деп билдиришти ИИМден.